Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизди (видео)

38 жаштагы португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизгенин Tengri Sport басылмасы жазды.

Бул Сауд Арабия чемпионатынын 14-турунда «Аль-Ахдуд» менен болгон беттеште болгон. Эсепти 13-мүнөттө Аль-Наср ачты.

Оюндан кийин чабуулчу жеңишке арналган сүрөттөрүн социалдык тармактарга бөлүштү.