Роналду менен Мессинин сүрөтү фотошоп экени маалымдалды

Кечээ, 19-ноябрда футболдун жылдыздары Лионель Месси менен Криштиану Роналду Инстаграм баракчасына чогуу түшкөн сүрөт жүктөшкөн.

Футболчулар 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алдында Louis Vuitton брендинин жарнамалык кампаниясына катышышкан. Бирок дүйнөлүк ЖМКлар сүрөттүн монтаждалганын жазып чыгышты. Тактап айтканда, экөө бир учурда сүрөткө түшкөн эмес. 

Месси менен Роналду студияга ар кайсы убакта келгени белгилүү болду. Ал эми шахмат тактасы бул фотошоп. Эмне үчүн жылдыздардын чогуу сүрөткө түшпөгөнү азырынча маалым боло элек.