Роналдунун сүйүктүүсү ага Rolls Royce белек кылды (видео)

Роналдунун сүйүктүүсү Жорджина Родригес ага Rolls Royce белек кылды. Видео социалдык тармактагы баракчасына жүктөлдү.

Маалыматтарга караганда, унаанын баасы 300 миң долларды чапчыйт жана унаа Рождество майрамына белек катары алынган. Ошондой эле жубайы кыздарына да велосипед белек кылган. Видеодо дүйнөлүк бренддердин баштыктары да көрүнөт.

Буга чейин ЖМКлар жарыяланган маалыматтарга караганда, Роналдунун автопаркы 17 миллион фунт стерлингге бааланган. Футболчунун гаражында Bugatti, Ferrari жана Aston Martin премиум маркаларынын моделдери бар.