Орусияда супермаркет жарылды

Орусиянын Владикавказ шаарындагы ири дүкөндө катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Окуянын алдын-ала себеби, газ-аба аралашмасынын агып кетиши болгон. Ал эми жер төлөөдө кычкылтек баллондору сакталып турган.

Имаратта кароолчу болгон. Ал аман калган. Анын айтымында, имаратта андан башка кишинин болушу мүмкүн эмес. Анткени дүкөн кардарларга ачыла элек болчу.

«Жүзгө жакын адам урандыларды тазалап жатышат, жакынкы аралыкта аларга дагы жүз куткаруучу кошулат»,- деп айтылат маалыматта.