Роза Рымбаеванын уулдары биргелешип ыр чыгарышты

Казак ырчылары бир тууган Али Окапов менен Мади Рымбаев майрам  алдында биргелешкен ыр тартуулашты. Бул тууралуу Tengri Lifestyle басылмасы жазды.

Ыр «Сенимен биргемин» деп аталат. Музыканттар Instagram социалдык тармагында биргелешкен иш тууралуу айтып беришти. Бир туугандарды жаңы ыры менен Дильназ Ахмадиева жана музыкант Диас Аблаев куттукташты. Артисттердин жазылуучулары да четте калышкан жок, алар ырдын мыкты чыкканын жазышты.

Эске салсак, Али Окапов жайында 31 жашка чыкса, иниси Мади азыр 22 жашта.