Румыниянын Саламаттыкты сактоо органдары сасык тумоого байланыштуу респиратордук инфекциялардын көбөйүшүнө тынчсызданууда. 20-январдан 26-январга чейинки 1 жумада 133,600 жаңы учур катталды. Бул тууралуу EuroNews басылмасы жазды.
Учурда үч жашар баланы кошкондо 22 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министри АлександруРафила каза болгондордун баары эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди. Буга карабастан, ал кырдаал масштабдуу чектөөлөрдү же карантинди талап кылбайт деп ишендирди.
Өлкөдөгү ооруканалар оорулууга келүүчүлөрдү чектөө боюнча чараларды көрүштү жана медициналык кызматкерлер жеке коргонуу шаймандарын колдонушу керек.
Эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калууда — 19 миллион калктын 1,13 миллиону гана эмделген. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери жарандарды эмдөөгө жана алдын алуу чараларын сактоого чакырат.
Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калган жүргүнчү экенин ЖМКлар жазышкан. Рамеш Лондонго багыт алган Boeing 787 учагынын 11А орундугунда...
Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калганын Би-Би-Си жазды. Учак Индиянын батышындагы Ахмедабад шаарынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн....
Индияда кыйраган учак жатакананын чатырына түшкөнүн Tengrinews.kz жазды. Учак Ахмедабад аэропортуна жакын жердеги дарыгерлердин жатаканасына кулап түшкөнүн жергиликтүү полиция кызматкери...
Air India компаниясы учагы Индиянын батышында кыйраганын тастыктады. Boeing 787-8 бортунда 242 адам менен Лондонго учуп бара жаткан. Жергиликтүү TimesNow...