Рязань облусундагы заводдо жарылуу болуп, жети киши каза болду (видео)

Рязань облусунун Лесной айылында «Эластик» синтетикалык була заводунда жарылуу болуп, өрт чыккан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жети жумушчу набыт болгон, тогуз киши дайынсыз болуп жатат. Жабыркагандардын бири денесинин 80 пайызынан күйүк алган. Алдын ала версия боюнча, өрт жумушчулар таңкы нөөмөтүн баштаганда чыккан. Ишканада жарык күйгүзүлгөндө жарылуу болгон.