Сахалинде ээси жок мышык жыл сайын ветеринарларга текшерүүгө барып турат

Сахалинде мышык ветеринарларга текшерилүүгө барган. Ал муну үчүнчү жыл катары менен кайталап жатат. Бул тууралуу  РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, мышыкты үч жыл мурун жолдон таап алышкан. Ачкачылыктан жана оорудан улам начар абалда болчу. Ага суу, тамак берип, кене бүргөдөн дарылап, эмдөөнүн толук курсун өткөрүшкөн. Калыбына келүүгө бир ай убакыт кеткен. Мышыкка Черныш деген ат коюлган. Айыккан соң, мышык кетип калган. Мышык туура бир жылдан кийин кайра келет. Кайра дарылоо бүткөндөн кийин кетип калган. 

2024-жылдын апрель айында мышык дагы бир жолу барган. «Ал бекер тамак-аш, бекер жаткан жер менен камсыз болорун билсе керек. Черныш жылдын калган мезгилинде кантип жашап жатат билбейбиз. Бирок мышык бизге келерки жазда келет деп күтөбүз. Андыктан мен жана менин кесиптештерим үчүн анын келиши жаздын башталышы дегенди билдирет», — деди дарыгер Шулико. Ветеринар 10 жыл иш тажрыйбасында мындай учурга жолукпаганын кошумчалады.