«Салимбойвачча» каймана аты менен таанымал өзбекстандык кримавторитет Салим Абдувалиев кечээ, 12-январда ден соолугуна байланыштуу бошотулганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Абдувалиев 2023-жылдын декабрында мыйзамсыз курал сактаган деген шек менен камакка алынган. 2024-жылдын мартында Мирабад райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. 75 жаштагы ишкер буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана Өзбекстандын спорттук күрөш Ассоциациясынын төрагасы кызматтарын аркалаган.
Кошумчалай кетсек, аны менен мамилеси бар деп мушкер Орзубек Назаров, ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев УКМКга суракка алынып, экс-депутат Эмил Жамгырчиев мандатынан ажыратылган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы депутаттын ага жардам сурап жазган катын Жогорку Кеңеште окуп берген эле. Ал эми Жамгырчиев тергөө амалдарына катышуудан качып, Жогорку Кеңештин экинчи кабатындагы терезеден секирип кеткени менен коомчулуктун эсинде калган.