«Салимбай» деп таанылган “өзбек мафиясынын кожоюну” Ташкенттеги үйүндө кармалганы айтылууда

Ташкентте коомчулукка “Салимбай” жана «Салимбойвачча» каймана аты менен белгилүү Салим Абдувалиев өз үйүндө кармалды. Бул 1-декабрда болгонун «Эль-Туз» Телеграм-каналы жазды. Бирок расмий органдар тарабынан жогорудагы маалымат ырастала элек.

Телеграм-каналда жазылган маалыматтарга караганда, кармалгандан кийин Абдувалиевдин ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилип, андан соң үйүнө жөнөтүлгөн. Бирок укук коргоо кызматкерлери Тез жардам унаасын кармап, «Салимбайды» Ташкент шаардык милициясына жеткиришкен.

“Гафур Кара” каймана аты менен белгилүү болгон Гафур Рахимовго күч органдары тарабынан издөө жарыяланганы да айтылууда. 

Салим Абдувалиев — постсоветтик мейкиндиктеги эң белгилүү меценаттардын бири. 2017-жылдын январында Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Аны кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп эсептешет. Бир нече жыл мурун АКШнын Өзбекстандагы элчиси дипломатиялык каттарында аны “өзбек мафиясынын кожоюну” деп атаган. 1997-жылдан бери Салим Абдувалиев Өзбекстандын Күрөш ассоциациясын жетектеп келет.