Салмагы 100 граммга ашып кетип, Олимпиададан четтеп калган индиялык балбан кыз ооруканага түштү

50 килограмм салмакта алтын медаль утуп алуу үчүн керектүү салмактан ашып кеткени үчүн Олимпиададан четтеп калган индиялык балбан Винеш Пхогат ооруканага түшүп калды. Ал эс-учун жоготуп кулап калган. 

Эске салсак, индиялык балбан Винеш Пхогат 50 килограмм салмакта алтын медаль утуп алуу үчүн керектүү салмактан ашып кеткени үчүн Олимпиададан четтеп калган. «Ал шейшемби күнкү беттештерде салмакты ийгиликтүү тапшырган. Бүгүн эртең менен анын 100 грамм ашыкча салмагы аныкталган. Эрежелер буга жол бербейт жана ал дисквалификацияланды»,- деди индиялык машыктыруучу.

Винеш алтын медаль үчүн америкалык Сара Энн Хильдебрандт менен беттешмек. Индиянын Олимпиадалык комитети билдирүүсүндө, Пхогат 50 килограммдан ашып кеткен үчүн дисквалификацияланган. ЖМКлардын маалыматына караганда, 29 жаштагы Пхогат түнү бою уктабай, чуркоо, аркан менен секирүү жана велосипед тебүү сыяктуу күчтүү спорттун түрлөрү менен машыккан. Талыкпаган аракетине карабай 7-августтун таңында алтын медаль үчүн беттеш күнү салмагы 100 граммга ашып кеткен.