«Салмагы 100 граммга ашып кеткен». Алтын медалга күрөшө турган индиялык балбан кыз Олимпиададан четтеп калды

Индиялык балбан Винеш Пхогат 50 килограмм салмакта алтын медаль утуп алуу үчүн керектүү салмактан ашып кеткени үчүн Олимпиададан четтеп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

«Ал шейшемби күнкү беттештерде салмакты ийгиликтүү тапшырган. Бүгүн эртең менен анын 100 грамм ашыкча салмагы аныкталган. Эрежелер буга жол бербейт жана ал дисквалификацияланды»,- деди индиялык машыктыруучу.

Винеш алтын медаль үчүн америкалык Сара Энн Хильдебрандт менен беттешмек. Индиянын Олимпиадалык комитети билдирүүсүндө, Пхогат 50 килограммдан ашып кеткен үчүн дисквалификацияланган.

ЖМКлардын маалыматына караганда, 29 жаштагы Пхогат түнү бою уктабай, чуркоо, аркан менен секирүү жана велосипед тебүү сыяктуу күчтүү спорттун түрлөрү менен машыккан. Талыкпаган аракетине карабай 7-августтун таңында алтын медаль үчүн беттеш күнү салмагы 100 граммга ашып кеткен.