Таразага да батпай калып… Салмагы 6 килограмм болгон баатыр ымыркай төрөлдү

Англиянын Бакингемшир графтыгына караштуу Чеддингтон шаарында баатыр ымыркай төрөлдү. Анын салмагы 5 килограмм 695 грамм, бою 61 сантиметр. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Эми Смит менен 28 жаштагы жолдошу Зак уулу салмактуу болуп төрөлөрүн алдын ала УЗИнин жыйынтыгы менен билишкен. Бирок салмагы менен бою күтүлгөндөн да жогору болгон. Ымыркай төрөткананын таразасына батпай калган. Мындан улам башка тараза алып келишкен. Ымыркайды 2 акушер көтөргөн.

Ымыркайга алдын ала алынган кийимдер кичинекей болуп калып, ага 6-9 айлык наристелерге ылайык кийим алууга туура келген. Балага Загрис деген ысым ыйгарышкан.