Салтанат Нукенова өлтүрүлгөн жерде анын манжа издери табылган эмес (видео)

Бүгүн, 17-апрелде Казакстанда өлтүрүлгөн Салтанат Нукенованын жолдошу, мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин үстүнөн сот отуруму өтүп жатат.

Адвокат Игорь Вранчев Куандык Бишимбаевден эмне үчүн өлтүрүлгөн Салтанат Нукенованын манжа издери VIP-1 бөлмөсүнөн табылбай жатканын сурады. Бишимбаев муну түшүндүрө албай турганын айтты.

«Сиз анын колунун изин жана VIP-1деги башка издерди аммиак менен сүртүп салган жоксузбу?» деп сурады адвокат. «Мен аммиакты кантип колдонууну билчү эмесмин. Байжанов мага үйрөттү», — деп жооп берди соттолуучу.