Салтанат Нукенованы апасы эскерип, видео менен бөлүштү

Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаевдин колунан каза болгон Салтанат Нукенованын апасы кызынын жаркын элесине арнап таасирдүү пост жарыялады. 

«Мен акыркы айларда кызымды эстөө менен уктап, ойгонуп жатам. Салта дайыма менин ойлорумда. Жан дүйнөмдүн оорусу жашоомдун акырына чейин калат. Биздин күнүбүздү, үй-бүлөбүздүн жарыгын тартып алышты. Астанада балдарын жоготкон апалар менен жолугушуудан кийин менин кызымдын бейиште экенине ынандым. Кызым жеңил көйнөк кийип, күлүп, менин, атасынын жана агасынын жашоосунун уланышына жардам берип жатат. Мен кайда барсам да элдер келип, кучактап, Салтаны жана биздин үй-бүлөнү жакшы көрөрүн айтышат. Ушул убакка чейин колдоо көрсөтүп жатканыңарга ыраазчылык билдирем», — деп жазды апасы.