Салтанат Нукенованын өлтүрүлүшү. Сотто үрөй учурган аудио уктурулду (видео)

Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн соттолуучу судьяга телефонунун сыр сөзүн берди. Судья телефондон видеофайлдарды тапты.

Судья видеолор 2023-жылдын 8-9-ноябры, башкача айтканда, кылмыш болгон күндөрү тартылганын билдирди. Видеодо Бишимбаевдин аялын сөгүп, бир нерсе издөөгө мажбурлап, башка эркек тууралуу тынымсыз суроо берип жатканын угууга болот.