Салтанат Нукенованын өлүмү. Адистер Бишимбаевдин телефонун ача албай коюшкан

Экс-министр Куандык Бишимбаевдин сотунда судья Айжан Кулбаева Улуттук коопсуздук комитетинин техникалык адистери Бишимбаевдин уюлдук телефонун ача албай жатканын билдирди.

Куандык Бишимбаевдин жактоочулары шарттары менен телефонун текшерүүнү кайрадан суранышты. Прокурорлор жана жабырлануучу тарап шарттарга макул болгон жок. Жыйынтыгында судья экс-министрдин жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.