Салтанат Нукенованын өлүмү. Бишимбаев менен Нукеновага нике кыйган молдо жазаланды

Салтанат Нукенова менен Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевге нике кыйган имамга тартиптик чара көрүлгөнүн Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Муфтият Казакстанда мамлекеттик органдар тарабынан катталган нике расмий түрдө таанылат деп түшүндүрөт. Андыктан, ИИМдин ички иш тартибинин талаптарына ылайык, мечит кызматкерлери нике кыюунун алдында болочок жубайлардан жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө катталгандыгы тууралуу маалымкат талап кылышат.

«2022-жылдын 17-октябрында Астана шаарындагы республикалык башкы мечитте Бишимбаев менен Нукенова күбөлөрдүн алдында салтанаттуу иш-чара өткөрүшкөн. Алардан жана алардын жакындарынан каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк суралганда, ал даярдалып жатканын айтышкан. Бирок алар ата-энелеринин батасын алышканын айтышкан», — деп айтылат билдирүүдө. Белгиленгендей, имам салтанатты күбөлүксүз өткөргөн, демек ал ИИМдин ички иш тартибин бузган.