«Салтанаттын мас абалында болгондугуна көңүл бурулбай калды». Бишимбаевдин апасы сотто сүйлөдү

Бүгүн, 3-майда Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз кезеги боюнча айыпталуучунун апасы Альмира Нурлыбекова сүйлөп жатат.

«Биз, биздин үй-бүлө болуп өткөн окуя үчүн кечирим сурайбыз. Салтанат каза болду, бул орду толгус жоготуу. Биз күн сайын Салтанат үчүн дуба кылабыз. Эне катары мен балам үчүн дуба кылам. Ал биздин үй-бүлөгө да, Салтанаттын үй-бүлөсүнө да трагедия болгон ишти кылды. Эч кимдин башка бир адамдын өмүрүн алууга укугу жок», — деди ал.

Бишимбаевдин апасы Салтанат Нукенова аракеч болгонун кыйытып айтты.

«Салтанаттын мас абалында болгондугуна жетиштүү эмес көңүл бурулду. Эгерде ошол күнү мынчалык көп алкоголь ичимдиги ичилбегенде, эч нерсе болмок эмес деп ишенем. Биз байкоо камерасынан бутуна тура албай, ары-бери сеңселип басканын көрдүк. Мен кесибим боюнча химикмин. Заарасынан 1,8 промилле алкоголь бар деп чыккан экспертизанын бүтүмү өтө чоң көрсөткүч эмес дешкенине каршымын. Бул эксперттер тарабынан чет кагылган өтө чоң көрсөткүч. 

Алкоголь ичимдигинин мындай көрсөткүчү өлүм 19:00дө катталганын тастыктайт. Демек, эч кандай арам ой болгон эмес. Жеке алкоголь ичимдигин көрөтө албоо да эске алынган жок. Май гепотоз, панкреатит деген оорулардан улам, алкоголь ичимдигинин өтө аз дозасы адамдын организмине чоң таасирин тийгизет», — деди Бишимбаевдин апасы.

Ал аялга кол көтөрүү, атүгүл, бетке чабуу да жол берилгис иш экенин айтты.