Сальвадордун тургуну түнкү клубда акыркы сапарга узатылды (видео)

Ла Юниондун (Сальвадор) каза болгон тургуну туугандарына аны El Pacifico клубунда акыркы сапарга узатуу зыйнаты болсун деп керээз кылган. Туугандары анын керээзин аткарышты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды

Дарвин Бернал кечелерди жана клубдук жашоону абдан жакшы көргөндүктөн, ал өлгөндөн кийин да түнкү клубга барууну каалаган. Маркумдун ачылган табыты бий аянтчасында борбордук орунду ээлеп, аза күтүүчүлөр жакын жерде бийлеп, урмат көрсөтүшкөн.