Самаркандда 11-класстын окуучусун поезд сүйрөп кетип, каза тапты. Бул тууралуу облустун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 18-мартта эртең менен болгон. Окуучу бала жанынан өтүп бараткан жүк ташуучу поездди өткөрүп жиберип, классташтарын күтүп, темир жолдун жанына тура калган. Кокусунан жүк ташуучу поезд аны рюкзагынан илип кетип, сүйрөп кеткен. Бала башынан жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Ошол эле күнү каза тапкан.
Укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.