Самаркандда 4 адам иске ууланып каза тапты

Өзбекстандын Самарканд облусунда 4 адам иске ууланып каза тапты, дагы бирөө ооруканага түштү. Бул туурасында облустун прокуратурасынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, Самарканддагы махалланын биринде убактылуу жашап жаткан 5 киши үйдүн ичиндеги мештен чыккан иске ууланышкан. Кырсыктан улам 4 адам каза таап, бирөөсү уулануунун оор белгилери менен ооруканага түшкөн. Бул факты боюнча Самарканд шаарынын прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.