Самаркандга түрк тилдүү өлкөлөрдүн ханайымдары да барышты

10-11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммити өтүп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн ханайымдары да барышты.

Түркиянын ханайымы Эмина Эрдоган, Азербайжандын ханайымы Мехрибан Алиева, Венгриянын өкмөт башчысынын жубайы Анико Леваини Өзбекстандын ханайымы Зироатхон Мирзийоева жана анын кызы Саида Мирзийоева коштоп жүрдү. Алар үчүн атайын «Өзбекстандын боёктору» деген көргөзмө, балет постановкасы уюштурулган.