Санкт-Петербургда 11 өзбекстандык кармалган. Алар аял үчүн мушташа кетишкен

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын борборунда Өзбек жарандары бир аял үчүн мушташып кетишкен. Бул тууралуу kun.uz Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгына таянуу менен билдирди.

17-октябрга караган түнү Достоевский көчөсүндө массалык мушташ болгон. «Каттакурган» кафесинин жанында жаңжал чыкты деген кабардан кийин полиция ал жакка барган.

Укук коргоо кызматкерлери ички иштер бөлүмүнө Өзбекстандын 23 жаштан 42 жашка чейинки 12 жаранын, анын ичинде чач тарач болуп иштеген 34 жаштагы аялды жеткиришкен. Жыйынтыгында дал ошол аял үчүн көчөдө мушташ чыкканы маалым болгон. Кесепетинен 2 адам башынан жабык жаракат алып, баш мээси чайкалып, көп сандаган көгала тактар ​​менен ооруканага жаткырылган.

Маалым болгондой, кармалган жарандарга миграциялык мыйзам бузуулар боюнча 6 протокол жана майда бейбаштык боюнча 8 протокол түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши козголгон. Жаңжалдын төрт катышуучусу бейбаштыкка шектелүүдө.