Санкт-Петербургда ири кампа өрттөндү (видео)

Санкт-Петербургдун түштүгүндө Wildberries’тин кампасы өрттөндү. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрт Москва шоссесинин 153 дарегинде чыккан. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биринчи билдирүүсүндө өрттүн аянты 1000 чарчы метр деп айтылган, бирок жарым сааттан кийин куткаруучулар өрттүн аянты 50 миң чарчы метрге чейин көбөйгөнүн билдиришкен.

Wildberries Telegram-каналы өрттөнгөн кампадагы адамдар эвакуацияланганын билдирди. «Сатып алуучуларга буйрутмалар үчүн акча кайтарылып берилет. Сатуучуларга бузулган же жоголгон буюмдар үчүн компенсация төлөнөт», — деп билдирди компания.