Санкт-Петербургда каттамдагы автобус сууга түшүп кетип, 3 адам каза болду

Бүгүн, 10-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы автобус кырсыкка кабылып, 3 адам каза болуп, 2 киши оор абалда болсо, дагы 4 жүргүнчү клиникалык өлүм абалында экендиги маалымдалууда.

Автобустун айдоочусу  жолдо көпүрөгө бурулуп жатып, ал транспортту башкара албай калып, эки машинаны сүзгөн соң, тосмону бузуп, сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин автобустан өз алдынча 6 жүргүнчү суудан чыгышкан. Дагы 9 адам куткаруучулардын жардамы менен чыгарылса, автобустун айдоочусу кармалып, кылмыш иши козголду.