Санкт-Петербургда текшерүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн барган 400 мигрант кармалды

Санкт-Петербургда текшерүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн барган 400 мигрант кармалды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери чет элдик жарандардын жашаган жерлерин, ошондой эле мигранттар иштеген өндүрүш жана соода жайларын текшеришкен. Рейд миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоодон тышкары, чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алууга багытталган. Жалпысынан кошуна өлкөлөрдүн 400гө жакын жараны текшерилген. Алардын ар бири аймактык полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ондогон чет элдиктердин Орусияда мыйзамсыз жүргөнү аныкталды. Алардын үстүнөн административдик иш козголду.

Эң одоно мыйзам бузууларга жол берген мигранттар чет өлкөлүк жарандардын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, бир нече жылга кирүүгө тыюу салуу менен өлкөдөн чыгарылат.