Сауд Арабия менен БАЭде жаандан улам суу ташкыны болуп жатат (видео)

Архив

Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөгөн жаандан улам суу ташкыны болгонун The National жана Khaleej Times жазып чыкты.

Нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн борбору Дубайда аба каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бир катар аймактарда суу ташкыны жол кыймылын үзгүлтүккө учуратып, мектептер менен мамлекеттик мекемелер аралыктан иштөөгө өттү. Кээ бир үйлөрдү, анын ичинде ишканаларды жана жолдорду суу каптаган. Деңиз байланыштары да токтотулуп, тургундарга аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу өтө зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоо сунушталды. Жаан жекшемби күнү түштөн кийин дагы уланары күтүлүүдө.