Сауд Арабияда аттракцион ичиндеги адамдары менен кулады (видео)

30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан 23 киши жаракат алган. Алардын арасында бир нече адамдын абалы оор бойдон калууда.