Сауд Арабияда COVID-19га каршы эмдөөсүз жумушка чыгууга тыюу салынды

Сауд Арабиянын бийлиги коронавируска каршы эмделбеген мамлекеттик жана менчик компаниялардын кызматкерлеринин жумушка баруусуна тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн Адам ресурстары жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

«Коронавируска каршы вакцинаны мамлекеттик, менчик жана кайрымдуулук уюмдарындагы бардык жумушчулар алышы керек», — деп айтылат маалыматта. Министрлик бардык жумушчуларды эмдөөгө даярданууга чакырды. Өлкө бийлиги жакынкы арада бул чечимдин ишке ашырыла турган күнүн жарыялап, анын кандай иштей тургандыгын айтып берүүнү убада кылды.

Буга чейин Сауд Арабиянын бийлиги 17-майдан тарта эки дозаны тең же бир дозаны алган соң, 14 күн өткөндөн кийин гана өлкөдөн чыга алышат деп жарыялаган. Пандемия башталгандан бери аталган өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 423,4 миңден ашты, 7 миң адам каза болду.