Сауд Арабияда кар жаап, аны көрүүгө коңшу Катардан бери сапар менен келишүүдө

Сауд Арабиянын түндүк-батышында жайгашкан Табук провинциясында кар жаады. Жабаль-эль-Лауз тоосунун чокуларын баскан ак карга суктанууга миңдеген адамдар, коңшу Катардан бери туристтер келип жатышат. Жакынкы күндөрдө дагы кар жаашы күтүлүп жатканын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Бул районго алып барган жолду жергиликтүү бийлик тосууга мажбур болду жана жолдо жүрүүдө сак болууга чакырышууда. Анткени ал жактагы кооздукту көрүүгө миңдеген адамдар келип жатышат.

Сауд Арабияда өткөн жылы да кар жааган, ал эми Табук аймагында февраль айынын соңунда 50 жылдан бери алгачкы жолу кар түшкөн. Анда кар кумдуу дөбөлөрдүн үстүнө себелеп жаап, жалпы көрүнүштө эскимо балмуздагына окшошуп калган. Жергиликтүү тургундар жана туристтер чана тээп, карда ойногонго да жетишишкен.