Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус күйүп, 20 адам каза болгону маалымдалды

Сауд Арабияда умрадагы зыяратчыларын ташыган автобус кырсыкка учурап, күйүп кетти. Кыска убакыттын ичинде автобус жалындуу шарга айланганын маалымат каражаттары жазышты.

Меккеге бара жаткан автобус Ашер шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге көп сандаган Тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, жабыркагандар жакынкы ооруканаларга жеткирилди.

Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде Йеменден барган зыяратчылар болгонун жазып чыгышты.