Сауд Арабиянын ханзаадасы өлкөнүн курама командасынын оюнчуларына Аргентинаны жеңгени үчүн белек берди

Сауд Арабиянын курама командасынын оюнчуларына Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта Аргентина курамасын жеңгени үчүн премиум класстагы «Роллс-Ройс Фантом» унаасы тапшырылат. Мындай чечимди Сауд Арабиянын ханзаадасы Мохаммед бин Салман кабыл алды.

22-ноябрь күнү Сауд Арабиясы быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычынын 1-турунун алкагындагы беттеште Аргентинаны жеңип алды. Беттеш 2:1 эсеби менен аяктады. Сауд Арабиясы биринчи таймдан кийин утулуп жатканы менен улуттук курама экинчи таймдын башында эки жолу гол киргизе алды. Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жарандар бул жеңишти майрамдоо үчүн 23-ноябрь шаршемби күнүн өлкө боюнча эс алуу күнү деп жарыялады.