Учаксыз! Саякатчы 10 жылда дүйнөнүн ар бир өлкөсүн кыдырды (видео)

Даниялык жаран дүйнөнү учаксыз кезген биринчи адам болуп калды. Тор Педерсен 9 жыл 7 ай 13 күн бою тынымсыз саякаттаганын Men Today басылмасы жазды.

БУУда иштеген Тор Педерсен 2013-жылдын 10-октябрында жолго чыккан. Эгерде ал пандемия учурунда Гонконгдо эки жыл калууга мажбур болбогондо, анын сапары аз убакытты талап кылышы мүмкүн эле. Сапардын жүрүшүндө ал дүйнөлүк рекорд гана койбостон, үй-бүлө да түптөгөн. Жер кезер аялы менен пандемия маалында, саякаттоого мүмкүн болбогондо таанышкан. Аялы жолдошу менен саякаттоого чыккан эмес, бирок аба каттамдары менен ага бат-баттан барып турган. Ал күйөөсүнүн өжөрлүгүнө суктанаарын, бирок күнүмдүк жашоону чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан.

Том Педерсен жакын арада кайра саякаттоо планы жок. Ал эстен кеткис эмоциялардан тышкары даректүү тасмага да жетиштүү материал чогулткан. Тасма 2024-жылы чыгат, бирок азыр трейлерин көрө аласыз.