Кытайдын чыгышындагы Исин шаарындагы университеттин кампусуна кол салуудан сегиз киши каза болуп, 17 адам жаракат алганын CNN телеканалы жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
Кол салган адам 21 жаштагы мурдагы студент. Ал жакында эле экзаменден өтпөй калып, бүтүрүү күбөлүгүн албай калган. Шектүү кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.