«Сен уул төрөбөйсүң!». Өзбекстанда 16 жаштагы кызынын өлүмүнөн кийин апасы да асынып алган

Самарканд облусунун Каттакурган районунда 16 жаштагы кыз асынып өлгөн. 2 сааттан кийин кыздын апасынын жансыз денеси кызы жан берген жерден асылган абалда табылган. Бул тууралуу Узбекская газета жазып чыкты.

Алардын өлүмүнө үй-бүлөдөгү басмырлоо себеп болгон. Кайненеси менен жолдошу аялды дайыма уул төрөбөгөндүгү үчүн басмырлап, кол көтөргөн күндөрү да болгон. 2020-жылдын ноябрь айында аялы дүкөндөн азык-түлүк сатып алып, карызды кайненесинин атына жаздырган. Аны уккан жолдошу зым менен сабаган жана жазадан качып, аны үйдө дарыланууга көндүргөн. Мунун бардыгын соттук отурумда айыпталуучу мойнуна алган. Ал эми кайнене менен келиндин ортосундагы акыркы чыр ошол эле жылдын декабрь айында болгон. Кайненеси келинин сабап, бетине кайнак суу чачкан. Үй-бүлөдөгү мындай кысым көрсөтүүгө чыдабаган 16 жаштагы кызы өз жанын кыюуну чечип, асынып алган. Эки сааттан кийин аял кишинин жансыз денеси ошол эле жерден табылган.

Райондук сот айыпталуучуларды — маркумдун жолдошун жана кайненесин 103-берене менен күнөөлүү деп таап, маркумдун жолдошун 7 жылга, кайненесин 4 жылга эркинен ажыраткан.