Бүгүн, 6-апрелде Сербиянын президенти Александр Вучич коронавирус илдетине каршы «Sinopharm» кытай вакцинасы менен эмдөө алат. Бул тууралуу ал өзү телеканал аркылуу жарыялады.
Буга чейин ал Орусиянын «Спутник V» эмдөөсүн ала турганын билдирген эле. Ушул жылдын январь айынан тартып Сербияда «Спутник V» вакцинасы менен калк эмделе башталган. Аталган өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 600 миңден, ал эми каза болгондордун саны 5 миңден ашкан.