Сеулда дүйнөдөгү эң чоң аттракцион курулат. Долбоордун сүрөттөрү

Сеулдун бийлиги дүйнөдөгү эң чоң айланма дөңгөлөк аттракциондун долбоорун тааныштырды. Анын өзгөчөлүгү дөңгөлөктүн спица түрүндөгү кадимки таянычтары болбойт. Дөңгөлөк Мапо-гунун Ханеул паркында жайгашат. Бул тууралуу CNN жазды. 

Бул айнек жана металлдан жасалган катуу шакекче түтүк болот, анын ичинде панорамалык терезелери бар кабиналар жайгашкан. Бардыгы болуп 36 вагон болот, алардын ар бирине 25 кишиге чейин батат.

Дагы бир өзгөчөлүгү бул жер мурда дүйнөдөгү эң чоң таштанды полигондорунун бири болгон. Азыр аянт беш түрдүү тематикалык парктары бар экологиялык комплекс болуп саналат. Курулушту 2025-жылга чейин бүтүрүү пландалып, ага 411 миллион доллар бөлүнөт.