«Шаарда адам калган эмес го». Тажикстан Өзбекстандын президентин кантип тосуп алган? (видео)

10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Аны аэропорттон тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Өзбекстандын башчысы Тажикстанда эки күн болду. Иш сапар Тажикстандын президентинин демилгеси менен уюштурулган. Иш сапарда эки өлкө ортосунда 30 келишимге кол коюлган.

Ал эми социалдык тармакта Эмомали Рахмондун Шавкат Мирзийоевди аэропорттон тосуп алганда тартылган видеосу кызуу талкуу жаратып жатат. Тасмадан тажик тараптын Өзбекстандын президентин кыз-келиндердин бийи, чоорчулардын үн коштоосу, ырчылардын ыры менен тосуп алганын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары тарабынан «Мамлекеттик деңгээлде пахта ушинтип коюлат», «Президентти армия эмес, кыздар менен деле тосуп алса болот турбайбы», «Дүйшөмбүдө болгон адамдын баарын алып келген го… Концерттин ачылышы деп ойлопмун» деген сындар айтылууда.