«Шаарга каникулга келген». Казакстанда автобус кырсыгынан буту кесилген кыз боюнча маалымат

Астанада автобус кырсыгынан оор жаракат алган кыз тууралуу маалымат жарыяланды. Кыз учурда ооруканада, анын эки буту кесилген. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Кыздын аты Алуа Бекен. 7 жашта. Ал быйыл биринчи классты аяктады. Туугандары билдиргендей, 7 жаштагы Алуа борбор калаадагы чоң апасына каникулга келген. Ошол күнү ал чоң апасы, бир туугандары менен «Мегага» сейилдеп, автобекетке агасын тосуп алууга барышкан. Бүт үй-бүлө ошол автобуста үйгө кайтып бара жаткан.

«Биз алдыда отурганбыз. Төрт неберем айдоочунун артындагы отургучтарда отурган. Автобус Республика проспектисин көздөй бурулуп, мамыга урунду. Катуу соккудан улам алдыңкы терезеден чыгып кеттим», — дейт кыздын чоң энеси Жаухар Зейкеновна.