Шахтадагы жумушунан чыгып эле уулун беттешке алып барган ата көпчүлүктү суктандырды

Кентукки университетинин баскетбол командасынын «Уайлдкэтс» оюнунан тартылган сүрөт социалдык тармактарга тарады. Анда уулун беттешке күйөрмандык кылууга алып барган шахтер ата тартылган. Сүрөттөн көрүнгөндөй атасынын бети-башын чаң баскан, жумуш формасы менен болгон. 

Үй-бүлөнү «Уайлдкэтс» командасынын башкы машыктыруучусу Жон Калипари байкап, атасынын бул жоругуна суктанып, социалдык тармактарда ага билдирүү арнаган.

Күйөрмандар кишини табышкан. Анын аты Майкл Магуайр. Көрсө, ошол күнү Майкл 4:45те жумушка чыгып, анан дароо саат 18:00дө башталган оюнга кеткен. Социалдык тармактарда Майклга дароо «Жылдын атасы» наамын беришкен жана алар команданын 30-октябрда боло турган кезектеги оюнун күтүп жатышат.

Анын жубайы Молли Магуайр күйөөсү ишемби күндөрүн кошкондо заводдо жумасына 50 саат иштерин айтты. Оюн жумуш күнүнө туш келгенине карабастан, Майкл оюн аянтчасына барган.