Шайлоочулар менен жолугушууда Эммануэль Макронго помидор ыргытышты (видео)

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париждин жанындагы Серджи муниципалитетине барганда ага помидор ыргытылганын «BFMTV» билдирди.

Окуя 27-апрелде базарда болгон, ал жерде жергиликтүү элдин калың тобу саясатчыны курчоого алган. Бир маалда белгисиз бирөөлөр жакында эле кайра шайланган мамлекет башчыны көздөй бир нече помидор ыргытышкан. Сакчылар дароо Франциянын президентин калкалап, анын башына кол чатырды ачышкан. Телеканал белгилегендей, бул Макрондун 24-апрелдин кечинен берки биринчи эл алдында сүйлөгөн сөзү.