Шакира 15 миллион доллар салыкты төлөбөй жүргөн. Испания соту аны күнөөлүү деп табууда

45 жаштагы колумбиялык ырчы Шакира 15 миллион доллар салыкты төлөбөй качып жүргөн деп күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

2011-2014-жылдары Испанияда жашап жүргөн ырчы айым тапкан кирешелерине ылайык салыктарды төлөбөгөндүгү аныкталган. Испаниянын мыйзамына ылайык, өлкөдө 183 күндөн ашык жашаган адам мамлекеттин туруктуу тургуну болуп саналып, салык төлөөгө милдеттүү. Шакира ал жылдары көбүрөөк Багам аралдарында жашаганын айткан. Бирок прокуратура анын Испанияда жашап жүргөнүн тастыктап, күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми ырчынын өкүлчүлүгү салык кызматындагылар анын төлөнбөй жүргөн салыгы тууралуу айтышары менен дароо төлөп кутулганын айтышат.

Эгер Шакиранын күнөөсү толук аныкталса, ал айып пул төлөп, камалышы мүмкүн. Бирок Испаниянын мыйзамында эгер шектүү биринчи жолу катталып жатса, анда сот шарттуу мөөнөт коюшу мүмкүндүгү айтылат.