Кытайда чырак майрамын белгилешти (сүрөт)

Үч жылда биринчи жолу Кытайда кечээ, 5-февралда ПЦР-тести жок, эч кандай чектөөлөр жок чырак майрамы белгиленди.

Жашоочулар жана туристтер таң эртеден баштап майрамдын маанилүү атрибуту болгон кызыл кагаз чырактарга суктануу үчүн шаардык парктарга келишти. Быйыл шаардын көптөгөн көчөлөрүндө ушул жылдын белгиси болгон коёндун түрүндөгү көп түстүү чырактарды да көрүүгө болот. Бул күнү көптөгөн жарманкелер, салттуу ырлар жана бийлер менен музыкалык көрсөтүүлөр, театралдык көрсөтүүлөр жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар 2019-жылдан бери биринчи жолу бул майрамды COVID чектөөлөрү жок белгиледи. 

Чырак майрамы кытай тилинен «тегерек түн» деп которулат. Бул күндү үй-бүлө менен өткөрүү, сейил бактарда сейилдөө, кооз жерлерге баруу, ошондой эле күрүч унунан топтор бышырылып, шорпо катары берилет.