Шавкат Мирзийоевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылат

Өзбекстан Сенатынын вице-спикери Садык Сафаев өлкөнүн Конституциясындагы өзгөртүүлөр азыркы президент Шавкат Мирзийоевдин мурдагы президенттик мөөнөтүн жокко чыгарарын бышыктады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде билдирди.

«Эгерде жаңы Конституция кабыл алынса, анда, албетте, бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке да жаңы Конституция боюнча шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президент бул мүмкүнчүлүктөн, бул укуктан пайдаланабы же колдонбойбу, биринчи кезекте ушул кишиден жана аны көрсөткөн партиядан көз каранды. Бирок ал бул укукка ээ болот», — деди Садык Сафаев.

Бул Өзбекстандын жогорку кызматтагы адамынын конституциялык өзгөртүүлөр боюнча ачык айткан биринчи комментарийи. Былтыр октябрда экинчи жана акыркы мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзийоев 2026-жылга карата пландары тууралуу айта элек.