«Шектүүлөрдүн бири көз жумган». Орусияда 25 жыл мурдагы кылмыш иштин бети ачылды

Волгограддык тергөөчүлөр 1997-жылы адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыкты.

Кылмыш 1997-жылдын 29-январында болгон. Волгограддагы үйгө эки адам кирип, үй ээсинен болгон акчанын баарын берүүнү талап кылышкан. Тоноочулардын ур-токмогунан батирдин ээси каза болгон.

Бул факты боюнча тергөө органдары кылмыш ишин козгоп, бирок кылмышты жасаган адамдарды аныктоого мүмкүн болгон эмес. Тергөөчүлөр 25 жылдан бери уланып келе жаткан ишти кайра козгоону чечишкен. Кол салган эки адамдын тең өздүгү такталып, алардын ошол учурда 24 жашта болгон Волгограддын тургундары экени аныкталган. 

Кылмышкерлердин биринин жүргөн жери такталып, ал кармалган. Ага карата сот баш коргоо чарасын карап, камакта калтырган. Ал эми экинчи шектүү окуя болгондон эки жылдан кийин каза болгон.