«Шектүүнүн өзү да, атасы да көз жумган». Прагадагы университетте ок атылып, 14 адам каза болду

Кечээ, 21-декабрда Прагадагы жогорку окуу жайлардын биринде болгон ок чыгаруудан 14 адам набыт болуп, кол салган адам да каза болгонун Чехиянын чукул кызматтары билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды. 

Кол салууда 25 адам жаракат алып, анын тогузунун абалы оор. Буга чейин чех полициясы кол салган адам жок кылынганын жазган. Маалыматка караганда, ок аткандын атасынын да жансыз денеси табылды.

Чехиянын полиция башчысы Мартин Вондрасшек кол салган адам өз жанын кыйган болушу мүмкүн деп билдирди, бирок бийлик өкүлдөрү аны полиция атып салган деген ыктымалды да иликтеп жатышат. Полиция кол салган адам университеттин студенти экенин жана анын сөөгү окуу жайдын жанынан табылганын тастыктады. Ок аткан 24 жашта жана Прагадан 21 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан шаарда жашаган.

Анын эмне үчүн мындай кадамга барганы айтыла элек. Полициянын айтымында, кол салган адам өткөн аптада Праганын четиндеги токойдо өлтүрүлгөн дагы эки адамдын, эркектин жана анын ымыркайынын өлүмү үчүн күнөөлүү болушу мүмкүн. Кол салган адам өз курмандыктарын туш келди тандап алган деп болжолдонууда.