«Шереметьевонун» 7 миңдей кызматкери ишсиз калдыбы? Аэропорттун жообу

Кечээ, 21-мартта «Шереметьево» аэропортунун персоналынын 40 пайызы (6-7 миңдей киши) ишсиз калары тууралуу маалыматтар тараган. Ага аэропорттун башкы директорунун буйругу негиз болуп, анда санкциялардан улам жүргүнчүлөрдүн саны кескин кыскарып кеткени жазылган.

Бирок «Шереметьево» аэропортунун өкүлү жогорудагы маалыматтын туура эмес экендигин айтуу менен 16-марттан тарта кызматкерлеринин 20 пайызынын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Алардын иш орду сакталат жана айлыгынын 2/3 бөлүгү төлөнүп берилет. Аэропортто жалпы жонунан 15 миңдей адам эмгектенет, анын ичинен 6 миңи — аэропорттун кызматкерлери, калганы аэропортко таандык компанияларда иштешет.