«Шоколадный заяц» ыры менен белгилүү болгон ырчы Пьер Нарцисс көз жумду

«Жылдыздар фабрикасы» долбоору аркылуу жана «Шоколадный заяц» ыры менен көпчүлүккө таанылган орусиялык ырчы Пьер Нарцисс көз жумду. Бул маалыматты Орус ЖМКларына ырчынын кызы тастыктаган.

Маалыматтарга караганда, ал 45 жашта болчу. Пьер кечээ, 21-июнда жүрөгүнүн согушу токтоп каза болгон. Ал бөйрөгүнө операция жасаткан.

Нарцисс Камерунда туулган, ал Москванын жанындагы Егорьевск шаарына эжесине келген. Кийин ырчы Валерия Калачевага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн Каролина-Кристель аттуу кызы бар.