Шотландияда аскада 2 жыл жалгыз күн өткөргөн кой куткарылды (сүрөт, видео)

Шотландиядагы Кромарти-Ферт аскаларынын этегинде эки жылдан бери жалгыз жашаган кой куткарылды. 

52 миңден ашык адам жалгыз кой Фионаны сактап калууну талап кылышкан. Тактап айтканда, дал ошончо адам тиешелүү петицияны колдогон. Кой жардын түбүнө суу жууп барып, кийин эки жыл жалгыз калган. 

Эки жыл мурун Фионаны кайыкчылар байкап калган жана бул аскаларды бойлоп сүзгөндөрдүн бири Жиллиан Тернер айткандай, ал учурда кой алардын кыймылын ээрчип, бирок жакындай алышкан эмес. Тернер бул жөнүндө ойлонгон да эмес, бирок жакында ал дагы бир сапарга чыгып, жүнү байкаларлык өскөн Фионаны дагы көрүп калган. Ал жаныбарга жардам берүүгө аракет кылып, куткаруучулар менен байланышкан.

Кой үңкүрлөрдүн биринен табылган. Ал өтө семирип кетип, аны көтөрүүгө оор болгон. Куткарылган койдун азыр абалы жакшы. Аны жүнүн жөн гана кыркып коюу керек.